Милиция Чүйдө уурдалган кызды издеп жатат

Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү 5-майда уурдалган кызды издеп жатат. Күч кызматкерлери кызды уурдаган эркектин тек-жайын тактады.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 26 жаштагы кызды 5-майда түнкү саат 11лерде Лебединовка айылындагы супермаркеттин жанынан белгисиз кишилер "Тойота-Эстима" автоунаасына салып кетишкен. Милицияга 6-майга караган түнү кыздын сиңдиси арыз жазган.

Кыргызстанда кыздарды көбүнчө турмуш куруу максатында зордоп ала качышат. Каршылык көрсөткөн кыздар өлтүрүлгөн учурлар 2018 жана 2021-жылы катталды.

Турмуш куруу максатында кыз уурдагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-апрелде коомдук талкууга чыгарды. Анда кыз уурдагандарды 12-15 жылга чейин камоо сунушталган. Эгер кыз 18 жашка толо элек болсо, камак жана 300 миң сомго чейин айыппул каралган.

Азыркы мыйзамдар боюнча кыз уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Дагы караңыз

Коронавирустан дагы үч бейтап каза болду, 320 кишиге оору жуктуЧек ара кызматы укук коргоочу Чупиктин айткандарын четке кактыСадыр Жапаров Баткенге барды "Фейсбуктун" көзөмөл кеңеши Трамптын баракчасын жабуу чечимин колдоду"Талибан" Ооганстандагы бир районду ээлеп алдыБийлик армияны реформалоого убада берди Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты