Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:53

Ала качууну жеңген Мээрим


Cүрөт Мээрим Догдурбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

“Азаттык” радиосунун “Бурулайдын элесине” аттуу атайын түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында жаш режиссер Мээрим Догдурбекова окурмандарга өзүнүн башынан өткөн окуяны баяндап берди.

Учурда республикадагы таанымал кино студиялардын биринде иштеп жаткан илбериңки, назик, зирек кызды өткөн жылдардын биринде ала качып кетишкен. Бирок ал башка жүздөгөн кыздардан айырмаланып, өз укугун коргой ала турганын далилдеген. Ошол жагымсыз окуяга кантип кабылып калганын Мээрим "Азаттыкка" айтып берди:

- Мен анда 20 жашта элем. Аламүдүн кичи районунда өзүмдөн кичүү эки таежем менен батирде турчубуз. Мен даярдоо курсун аяктап, 1-курска жаңыдан кирип жаткан убагым. Күз мезгили эле. Бардык студенттердей эле бизге айылдан азык-түлүк келип турчу. Аны мен үйдүн улуусу катары өзүм барып алып жүргөм. Таежелеримдин ата-энеси да мага табыштап, мага жөнөтүшчү. Андай жүктү шаарга келген таенебиздин кошунасынын улуу баласы эки-үч жолу жеткирип бергени эсимде. Анан бир күнү сабактан кеч келатсам ошол байке мага: "Бүгүн үйдө болосуңбу?" деп чалды. Мен мурдагыдай эле "айылдан бирдеме салышкан го" деп үйдө болорумду айттым. Ал болжошкон учурда чалды, мен мурдагыдай эле үйдөгү кийимим менен сыртка чыктым. Ал мени машинасынын арткы эшигин ачып отургузду...

Жигит Мээримди машинасына отургузгандан кийин телефонун сурап, бербеген оюна койбой колунан жулуп алат. Аңгыча эле эки жагына кызымтал эки жигит баса отуруп, автоунаа айылды көздөй багыт алат. Алсыз кыз абалды түшүнүп, ошол учурда эч нерсе кыла албай турганын билип, өзүн колго алганга аргасыз эле:

Айылга жетейин деп калганда корко баштадым. Себеби көп эле окуяларды уккам.

- Кыялымды көрсөтүп, ыйлап, алсыздыгымды көрсөткөн жокмун. Чыгып баратканда болгону "мен баары бир отурбайм, сиз да, мен да жаман болуп калабыз. Экөөбүз тең атыбызды булгабай ушундай учурда токтотолу" дедим. Жанымдагы байкелер кызуу экен. Алар мени "бул ала качууну эле күтүп турган го, башкаларга окшоп ызы-чуу да кылып койбой өзү эле баратат" деп шылдыңдашты. Мен аларга эч нерсе дей алган жокмун. Себеби биринчиден алар мени укмак эмес, экинчиден алар баары бир менден күчтүүлүк кылышмак. Жолдон мени ала качып бараткан байкеге кайра-кайра "баары бир отурбайм, мен башкалардай эмесмин" деп айттым. Ал болгон жок. Айылга жетейин деп калганда корко баштадым. Себеби көп эле окуяларды уккам. "Балким ушинтип барып эле отуруп каламбы" деп да ойлодум.

Мээримди ала качкан жигиттер анын өзүнүн айылдаштары экен. Автоунааны тосуп алган аялдар кыз өзүнүн эрки менен келбегенин билсе да отургузууга болгон аракеттерин жумшап, ырым-жырымдарын кыла баштайт:

Машиненин отургучун кучактап алып көз жашымды токтото албай калдым. Бирок болушунча өзүмдү жакшы кармаганга аракет кылдым.

- Машиненин отургучун кучактап алып көз жашымды токтото албай калдым. Бирок болушунча өзүмдү жакшы кармаганга аракет кылдым. Анткени мени "ыйлабаш керек, күчтүү болуш керек" деп үйрөтүшкөн. Ошол мезгилде атамды, анын мага айткан сөздөрүн эстей баштадым. Атам бирде "Боз салкын" тасмасын көрүп отуруп, ал жерде Асеманын ыйлаганын мисал кылып "кызым, сен баарын өзүң чечишиң керек. Сени кинодогудай кылып бирөө ала качып кетсе отурба. Эч кимди, эч нерсени ойлобо. Андай окуяга туш болсоң сөзсүз мени чакыр. Болбосо апаңа чал..." деп кайра-кайра айткан. Машинеден түшпөй "атама чалайын" дедим. Бирок жеңелер ага болбой, "биздин өзүбүздүн кыз турбайсыңбы" дей башташты. Айтор, мындай окуяда эмне сөздөр айтыларын баарыбыз билебиз да. Мен көгөрүп отурам. Анан бир байке мени көтөрүп үйгө киргизди. Үйгө киргенде көзүмө ак көшөгө урунду. Ага кирбегенге болушунча аракет кылып жаттым. Баары бир сезимибизге "көшөгөгө киргенден кийин кайра чыкканга болбойт, жоолук салгандан кийин чечкенге болбойт" деген сөздөр сиңип калган экен да.

Мээрим Догдурбекова сыйлык алган учуру.
Мээрим Догдурбекова сыйлык алган учуру.

Элеттик кыргыз кыздарына тиешелүү ийменчээк, тартынчаак Мээрим тагдыр чечер окуяда өзүнөн улууларга каяша сүйлөгөнгө аргасыз болгонуна азыр да ызаланат. Ал өзүнө айылдын жеңелери, аксакал байбичелер ортого түшүп, туш тарабынан жаалай баштагынан эстеди:

Алдымда чоң кишилер чөгөлөп жатканына өзүмдү жаман сездим.

- Алдымда чоң кишилер чөгөлөп жатканына өзүмдү жаман сездим. Бирок бул нерселер мени алып кала албайт болчу. Атамдын "эгер кимдир бирөө сени эркиңден сырткары ала качып барса отурбашың керек" деген сөзү жаңырып турду. Айыл аксакалы деген энени кечирим сурап узаттым. Ал көшөгөдөн чыгып кетти. Анын артынан үйлөнө турчу баланын апасы кирди. Ал дагы "сенин ата-энең жакшы кишилер. Сени да жакшы кыз деп угуп алганбыз..." дей баштады. Бирок анын сөзүн такыр уккум келген жок. "Эже, кечирип коюңуз, мен да сизди жакшы тааныйм. Мен баары бир отура албайм. Атама чалгыла" деп сүйлөбөй отурдум. Апасы чыгып кеткенден кийин мага үйлөнө турган бала келди. Ал чоң эле байке. Менден он бир жаш улуу. Ага "бул эмне кылганыңыз, мен сизге айткам. Азыр элге экөөбүз тең жаман көрүнөбүз. Мен үйдүн улуу кызымын. Иним бар. Иниме жалгыз жөлөк боло турган менмин. Ата-энем мага ишенет. Мен максатыма жаңыдан талпына баштадым. Ага сиз тоскоол болбошуңуз керек" деп ага көптөгөн максатым, кыялдарым бар экенин айттым...

Мындай сүйлөшүүдөн улам жигит Мээримди үйүнөн алып чыгып, туугандары менен бирге кайра шаарга жеткирип коюуга аргасыз болот. Үйдөн узап жатканда баланын ата-энеси кыздан "сотко бербөө тууралуу тилкат жазып бер" дешет. Алардын колунан эптеп кутулууну көздөгөн кыз бул талапка макул болуп, сөзүнө туруп бул тууралуу эч жерге арызданбаганын айтат. Анткен менен бул жагымсыз окуя аруу кыздын жан дүйнөсүн жабыркатып, бул абалдан ата-энесинин колдоосу менен араң чыккан:

- Кыздардын мындай окуяга туш болуп, жыйынтыгында жеңип чыгышы биринчи кезекте ата-эненин берген тарбиясынан улам го деп ойлойм. Мага кичинекей кезимден атам да, апам да "кайсы бир нерселерге болгон чечимиңди өзүң чыгар" деп үйрөткөн. "Сен өзүңдүн жолуңду өзүң тандайсың, бул жашоо сеники" дешкен. Окууга тапшырып жатканда да туугандар тарабынан, апам тарабынан толтура сунуштар түшкөн. Акырында атам " өзүң чеч" деген.

Мээрим Догдурбекова учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин радио, телевидение жана кино искусство факультетин ийгиликтүү аяктап, төбөсү көрүнгөн жаш режиссер катары "Кыргызфильм" киностудиясында иштейт.

Ушул жылдын башында анын "Бакыт" аттуу кыска метраждуу тасмасы Чита шаарында өткөн Байкал эл аралык кинофестивалында эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма аталган. Мындан сырткары, бул эмгеги Францияда, Германияда өткөн эл аралык сынактарга катышып, жогору бааланган.

Мээрим мүмкүн ала качып барган жерде отуруп калса, бул ийгиликтерге жетмек эмес жана келечеги кандай болору белгисиз эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG