Улукбек Марипов: Министрлер кабинети күнү-түнү иштейт

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка кол койгон. 

Өкмөттүн ордуна түзүлгөн Министрлер кабинети 6-майда алгачкы кеңешмеге чогулуп, президент Садыр Жапаровдун шаршембидеги кайрылуусундагы тапшырмаларды талкуулады. Анда төрага Улукбек Марипов азыркыдай экономикалык каатчылык маалында чукул, чечкиндүү чаралар көрүлүшү керектигин айтты:

"Президент Министрлер кабинетине каатчылыкка каршы бир катар тапшырмаларды чечүүнү милдеттендирди. Биринчи кезекте бизнес жүргүзүү шартын болушунча жакшыртуу. Ушул максатта Инвестицияны өнүктүрүү жана коргоо министрлиги түзүлдү. Ошондой эле жеке менчикти коргоо багытында иштерди күчөтүү зарыл. Биз күнү-түнү, чукул кырдаал режиминде иштейбиз. Сөздөн ишке өтчү маал келди", -деди Марипов.

Ал Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берип, аларды ыкчам, өз мөөнөтүндө аткарууну тапшырды жана жетекчилердин жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык, “Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Анын төрагасы кылып буга чейинки премьер-министр Улукбек Мариповду, төраганын орун басары кызматына ушул кезге чейин вице-премьер-министр болуп турган Артем Новиковду жана министрлерди, комитеттин жана кызматтардын башчыларын дайындаган.

Дагы караңыз

Кадамжайда 15 жаштагы кыз изделүүдөСадыр Жапаров: Жабыркаган үйлөр эки айда калыбына келтирилетСадыр Жапаров: чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбаймЧек ара: Анклавдан чыккан ажырым Жогорку Кеңеш Баткендеги чек ара коогасын талкуулайт