Министрлик: Тарых музейинин чет элдик компанияга 225 миң евро карызы бар

Тарых музейи.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутаттары 10-майда Мамлекеттик тарых музейине барышты.

Парламенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев музейдин реконструкциясы, маданий мекеменин ичинде жана сыртында жүргүзүлгөн оңдоо иштери жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, объект 2016-жылдын 25-майында реконструкциялоо үчүн жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, имараттын сырткы жасалгасына Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) берген 15 миллион доллар жумшалган.

Иманалиев керектүү буюмдарды жана экспонаттарды орноткон Германиянын “Vitrinen-und Glasbau REIER” компаниясына музейдин 225 миң евро карызы бар экенин билдирди.

Депутаттар аткаруу бийлигине карыз жана башка маселелерди тез арада чечүүнү сунуштап, айрымдары оңдоп-түзөө иштеринин сапатын сынга алышты.

Жыйында музейди 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу сунушу берилди.

Буга чейин Кайрат Иманалиев "Азаттыкка" аталган музей ушул жылдын 31-августуна чейин ачыла турганын маалымдаган. (MZh)

Дагы караңыз

HRW аялдарды коргогон келишимди бекитүүгө чакырдыКаламбекова: Мамлекет элдин колдоосун баалашы керекДССУ: Пандемияда ашыкча салмак кошкон балдар көбөйдү Дарыгерлердин айлыгы азайдыбы?Баткенде жараат алгандардын үчөө реанимациядан чыга элек, абалы оор 25 шаардык жана 418 айылдык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы чыктыКазанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарланды