Убактылуу чектөө киргизилген кыргыз-тажик чек ара бекеттеринен дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эки өлкөнүн расмий органдарынан уруксат алган адамдар тоскоолдуксуз өтө алышат. Ошондой эле Тажикстанда жүргөн кыргыз жарандары да чек арадан өтсө болот. Мындай шарт Кыргызстандагы тажик жарандарына да каралган. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы таратты.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттерине убактылуу чектөө киргизилген. Ага ылайык, аталган чек ара бекеттеринен адамдар, транспорт каражаттары, жүк өткөрүлбөйт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 24-майда олуттуу маселелер чечилмейинче кыргыз-тажик чек арасындагы кыймылды толук токтотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.
Быйыл 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон. Эки өлкө бирин бири айыптап кылмыш ишин козгоду. (MiK)
Дагы караңыз
Баткендеги жаңжалда жоголгон жеке документтердин 70% калыбына келтирилдиКылмыш иши козголгон Максатбек Токтомушев Москвага бардыКазакстан шинжаңдык үч казакка жарандык берүүдөн баш тарттыЧүйдө улут аралык кастыкты козутууга эки аял шектелип кармалдыДепутат Иманалиев генералдардын, полковниктердин көбөйгөнүн сындадыГуттериш дүйнө COVID-19га каршы “согуш абалында” турганын эскерттиУКМК Аспековго коюлган экинчи айып тууралуу түшүндүрмө берди Садык Шер-Ниязга Казакстандын "Достык" ордени ыйгарылды