«Спутник V» вакцинасы Өзбекстанда чыгарылат 

Иллюстрациялык сүрөт.

Ташкент менен Москва «Спутник V» вакцинасын Өзбекстанда чыгарууну макулдашты. Өзбек тарап аны кайсы аймакта чыгарарын чечкенин Ташкентке иш сапар менен барган Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.

«Спутник V» вакцинасы азыр Орусиядан тышкары Беларуста жана Казакстанда өндүрүлүп жатат. 21-майда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Орусиянын президенти Путин аталган вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын билдирген.

Дүйнө илимпоздору коронавируска каршы бул вакцинанын натыйжалуу экенинен күмөн санап келишет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны каттоодон өткөрө элек.

Дагы караңыз

Жапаров Инандыны издөө үчүн кошумча күч тартууну тапшырдыКамактагы депутат Асылбек Жээнбековдун адвокаты билдирүү тараттыБылтыр 5 миңден ашуун бала асыроого берилдиМурдагы депутат Максат Сабиров сурак берип чыкты