Инандынын жубайы ал элчиликте деп шектенүүдө. Түрк элчилиги маалымат бере элек

Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. Бишкек, Кыргызстан. 3-июнь, 2021-жыл.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу күйөөсү "Бишкектеги түрк элчилигинин имаратында кармалып турат" деген маалымат алганын билдирип чыкты.

Ал "Азаттыкка" бул айткандарын ырастап, бирок маалыматты кайдан алганын ачыктаган жок:

"Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан мырзанын өмүрү коркунучта. Эрдогандын бийлиги буга чейин да 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтери аркылуу уурдап, алып кеткен. Алардын баары учурда Түркияда түрмөлөрдө отурушат".

Рейхан Инанды мурдараак да интернет аркылуу кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасаган. Ал Орхан Инанды Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, элчиликте ага "кыргыз жарандыгынан баш тарт" деген кысым болуп жатканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирген.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек. Алар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Ички иштер министрлиги Инандынын издөө иштери уланып жатканын билдирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы ал Түркиянын Бишкектеги элчилигинде кармалып турушу ыктымал деген маалыматка комментарий бербеди.

6-июнда министрлик Орхан Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

1-июндан бери Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында анын табылышын талап кылган митингдер болуп өттү. Ушундай эле талап менен митинг-пикеттер АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндөгү Түркиянын элчиликтеринин, консулдук имараттарынын алдында болду.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Чек арадагы жаңжалда жабыркаган 100 бала Ысык-Көлдө эс алуудаТоктогулда суу көбөйө баштаганы жарыяландыТүндүк-түштүк жолу: депкомиссия түзүлдүЧоң-Алай: Эвакуацияланган эл үйлөрүнө кайттыМайыптыгы бар балдардын айтылбаган көйгөйүОйдогу жазууну экранга көчүргөн илимдин күчүЕвробиримдик Facebook компаниясынын маалыматтарды колдонгонун иликтейт