Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга чамалады

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 30-апрелге карата 4 миллиард 933,6 миллион долларга жетти.

Анын ичинен 4 миллиард 182,95 миллион доллар тышкы, 750,11 миллион доллар ички карыз.

Ушул жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттен 13 миллиард 178,1 миллион сом бөлүнгөн. Анын 8 миллиард 340,7 миллион сому тышкы, 4 миллиард 837,4 миллион сому ички карызды тейлөөгө кетти.

Кыргызстандын тышкы карызынын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Насыянын көбү Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), “Түндүк- Түштүк” альтернативдүү жолу жана “Датка-Кемин” электр чубалгысы сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 миллион доллардан 400 миллион долларга чейин бөлүп турушу керек. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 24,4 пайызга азайдыБишкекте Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды COVID-19: Дагы жети адам көз жумду, 647 бейтап жаңы катталды