Баткенге өзгөчө макам берүү долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Баткен шаары.

Министрлер кабинети иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан 10 жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган. Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. Долбоорду депутаттар бир добуштан колдоду.

Расмий маалыматка ылайык, Баткендеги 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Эгерде Баткенге өзгөчө макам берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, мындай айыл өкмөттөрдөгү билим берүү, маданий объектилер республикалык бюджеттен түз каржыланат. Аткаруу бийлиги муну менен бир жылдын ичинде 6-8 айыл өкмөтү дотациядан чыгат деп божомолдоп жатат.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. 136 үй, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Дал ушул окуялардан кийин Баткен облусуна өзгөчө макам берүү демилгеси кайрадан көтөрүлдү.(BTo)

Дагы караңыз

УКМК: Генрих Балян алдамчылыкка шек саналып кармалды Министрлер кабинети парламентте сугат суу тууралуу маалымат беретЖыл башынан бери Кыргызстандын экономикасы 1,6% начарладыАдвокат: Күбөлөрдүн көбү Курсан Асановду актаган көрсөтмө берүүдөИИМ: Инанды боюнча тергөө иштери азырынча айтылбайт