COVID-19: Москвада вакцина албагандар ооруканага жата албайт

Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Бейтапканага жатам дегендер эмдөөдөн өткөн болушу шарт. Оорунун жайылышына каршы ушундай чара кабыл алынганын Орусия баш калаасынын Саламаттык сактоо департаменти кабарлады.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар кишилер - онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар вакцина албаса болот. Чукул медициналык жардам тегиз көрсөтүлө берет.

Июндун экинчи аптасынан баштап Орусияда коронавирустун жайылышы курчуп кетти. Москванын мэри Сергей Собянин стационарларга оор абалда түшкөндөрдүн саны 70% өскөнүн билдирди.

Дагы караңыз

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКоронавирус 870 кишиден аныкталдыОрусия Түркияга аба каттамдарын ачат Өзбекстанда акимчиликке кой айдап барган адам камалдыПольша өкмөтү Орусияны масштабдуу киберчабуул үчүн айыптады