Кыргызстанда мамкызматкерлер саны 30% кыскарат

Садыр Жапаров

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндөгү” жарлыкка кол койду. Анда жалпы мамлекеттик кызматкерлердин санын 30% кыскартуу каралган.

Мындай чечим кайталанган жана ашыкча милдеттерди жоюу, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында кабыл алынган.

Президенттин жарлыгында, иштен кыскарган кызматкерлерге мыйзам чегинде жөлөкпул төлөп берүүнү жана аларга ишкердиктин негиздерин окутууну камсыз кылууну Министрлер кабинетине тапшырган.

Үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлөт. (MiK)

Дагы караңыз

Коронавирустан 10 киши каза болду, 1092 кишиден жаңы аныкталдыДүйшөмбү: кыргыз-тажик президенттеринин жолугушуусу башталдыЧүй суу чарба башкармалыгынын жетекчиси иштен алындыТүркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке келдиКорумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолотМосква: мигранттарды "Спутник Лайт" менен эмдөө башталды