ЖК комитети Жазык-укук кодекстерин өзгөртүүнү колдоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясын колдоду.

Эрежеге ылайык, эми бул кодекстердин жаңыланган редакциясы парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан.

2020-жылы октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат. (MiK)

Дагы караңыз

Чехияда беларус оппозициясынын өкүлчүлүгү ачылатӨкмөт АКСтин жоюлушунан улам УКМК тууралуу чечим даярдайт Кыргызстанда мамкызматкерлер саны 30% кыскарат Садыр Жапаров: чек ара жаңжалы эки өлкө үчүн сыноо болдуСOVID-19: Кытай берген вакцина 15-июлга чейин алынып келет"Мунабия" тасмасы Британияда өткөн фестивалда баш байгени багындырды