Аба ырайы: 38 градуска чейин ысык болот 

Сары-Челек көлү. Кыргызстан, Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

2-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр себелейт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысык болот.

2-июлда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° ысык болушу күтүлөт. (ErN)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктадыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиУКМКдагы кылмыш ишти кыскартууга убада берген алдамчылар кармалдыДепутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылдыCOVID-19: 1-июлга карата 1392 адам ооруга чалдыкканы аныкталды