Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев жазуучу жана журналист катары белгилүү. Буга чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп турган. Абыкеев “Аалам” гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон. Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп, кийин Мамлекеттик архивди башкарган.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда калк “президенттик” жана “парламенттик” башкаруу формаларын тандаган. Анда биринчи башкарууну жактаган добуштар көп болгон. Натыйжада ага негизделген жаңы Конституциянын редакциясы 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу референдумга коюлуп, анын жыйынтыгында толук кабыл алынган. Анда Мамлекеттик катчы кызматы кайрадан киргизилген.

Мамлекеттик катчы кызмат орду Кыргызстан эгемендик алган жылдары, алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон. Бул кызматта Акаевдин тушунда Жаныш Рустенбеков, Осмонакун Ибраимов, Бакиевдин тушунда Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров, Досбол Нур уулу иштеген. (ErN)

Дагы караңыз

Түркия Стамбул конвенциясынан расмий түрдө чыктыКыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берип баштадыАлматыда Кытай консулдугунун алдына акцияга чыккандар бошотулду3-июлга аба ырайы: Күн 39 градуска чейин ысыйт УКМК депутат Жанарбек Акаевди суракка чакырды