Ошто коронавирустан көз жумган дарыгерге мемориалдык такта орнотулду

Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалык тактай. Ош. 16-июль, 2021-жыл.

COVID-19 вирусунан көз жумган дарыгер Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалдык такта Ош облустук аймактар аралык ооруканасында орнотулду.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова 2020-жылы, 16-июлда каза болгон. Ал ооруну "кызыл аймакта" иштеп жуктуруп алганы кабарланган.

Коронавируска каршы штабдын маалыматы боюнча, 16-июлга карата COVID-19 менен ооруган медициналык кызматкерлердин жалпы саны – 6085 адамга жетти. Оорудан 5 298 медицина кызматкери айыгып чыкты.

Коронавирус алгач аныкталган былтыр март айынан бери Кыргызстанда 108 медицина кызматкери илдеттен көз жумду. Алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 33 маркумдун үй-бүлөсүнө гана мамлекет тарабынан убада кылынган 1 млн. сом кенемте берилген. Калгандары ала элек.

Маалым болгондой, 2020-жылы кыргыз өкмөтү иш учурунда коронавирус жуктуруп, каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте берилерин убада кылган. Быйыл 11-январда бул сумма өзгөрүп, 2,8 млн. сомго көтөрүлгөн. Маркумдун иш учурунда вирус жуктуруп, көз жумганын далилдөө үчүн анын жакындары тиешелүү документтерди чогултууга тийиш.(ZKo)

Дагы караңыз

"Алтынкен" жыл башынан бери 2188 килограмм алтын казды Түркия Орхан Инандыга "террордук уюмду башкарган" деп айып койдуДүйшөмбү Кыргызстанда окуп жаткан тажикстандык студенттерди алып кететПамирликтер туугандарына сарсанааДенис Монастырский Украинанын жаңы ички иштер министри болдуЫсык-Көлдө Орусиянын жараны жоголдуМосква: мигранттардын мушташы текшерүүнү күчөттү