COVID-19 дагы 11 кишинин өмүрүн алды

Бишкектеги ооруканалардын бири. Июнь, 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 17-июлга карата берген маалыматына ылайык, оорудан көз жумган 11 адамдын алтоо Бишкектен, үчөө Баткенден, Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден адам.

17-июлда вирус дагы 1564 адамга жукканы тастыкталды. Алардын басымдуусу Бишкекте - 778, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 205, Ош облусунда - 48, Талас облусунда - 24, Нарында - 24, Ысык-Көлдө - 51, Жалал-Абадда - 85, Баткен облусунда - 116 адам коронавируска чалдыккан.

Ушуну менен былтыр марттан бери 147 968 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. 124 058 адам илдетти жеңип, сакайып чыкты. 2165 адам оорудан көз жумду.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус илдети кыска аралыкта дүйнөгө жайылды. Азыркы маалда 190 млн ашуун адам ооруга чалдыгып, 173,5 миңден ашуун киши сакайды. Илдет 4 млн ашык адамдын өмүрүн алды.(ZKo)

Дагы караңыз

Мектеп тандоого аргасыз кылган онлайн окутууПандемия учурунда абактарда 47 адам коронавирус менен ооруганОшто коронавирустан көз жумган дарыгерге мемориалдык такта орнотулду"Алтынкен" жыл башынан бери 2188 килограмм алтын казды Дүйшөмбү Кыргызстанда окуп жаткан тажикстандык студенттерди алып кететТүркия Орхан Инандыга "террордук уюмду башкарган" деп айып койдуПамирликтер туугандарына сарсанааДенис Монастырский Украинанын жаңы ички иштер министри болду