Ысык-Көлдө жоголгон туристти издөөгө кошумча күч тартылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда дайынсыз жоголгон туристти издөөгө милиция кошумча күчтөрдү тартты.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Орусиянын жараны, теги казакстандык 29 жаштагы Варвара Конопасевич 15-июлдан бери табылбай жатат. Ал үй-бүлөсү менен Каракол-Ала-Көл жайлоосуна эс алууга келген. Отун тергени кеткен бойдон дайыны чыкпай калган.

Издөө иштери тоолордо, дарыялардын жээгинде жана токойдо жүрүп жатат. (SE)

Дагы караңыз

Беларуста оппозициячыл 11 активист соттолдуДүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтардыЧечилбеген чек ара, арасат абалдагы студенттерКазакстанда мунайчылар иш таштадыСадыр Жапаров туристтерди Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырдыАКШ Украинага 2 миллион доза вакцина берди