Өзгөндө 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндө 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 27-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 23-июлда саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарында болгон. Секелек дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу Өзгөн милициясына арыз түшкөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө кыз ошол эле күнү табылып, бирок белгисиз жарандар тарабынан зордукталганын айткан.

"Ал көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүүчү (кателный) жайдын короосунда жайгашкан ажааткананын жанында белгисиз жаран ыплас аракеттерге барганын айткан. Ага ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кыздын зордукталганы аныкталды", - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева.

Бул факт боюнча 24-июлда Жазык кодексинин 162-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ошол эле күнү кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну кармалды. (MrA)

Дагы караңыз

“Токтогул” ГЭСин жаңылоо үчүн өкмөт жети айдан бери күтүп жаткан жабдык Кыргызстанга келди Гонконг: жаңы коопсуздук мыйзамы менен алгачкы сот өкүмү чыктыТокио-2020: дзюдочу Владимир Золоев мелдештен четтедиБишкекте “Саймалуу бата” социалдык оюну уюштурулууда