Акаев: Президенттикти мыйзамдуу өткөрүп бербегеним үчүн өкүнөм

Аскар Акаев 16 жылдан кийин Кыргызстанга кайтып келген учуру. Бишкек. Август, 2021-жыл.

Бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев 6-августта кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, 16 жылдан кийин мекенине кайтууга шарт түзүп бергени үчүн президент Садыр Жапаровго жана улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

Акаев мекенине Кумтөр алтын кенин элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү аракетине салымын кошуу максатында келгенин белгилеп, бул долбоор боюнча билген маалыматын күч түзүмдөрүнө ачык айтып бергенин билдирди.

Аскар Акаев мындан тышкары өзү мамлекетти жетектеп турган 15 жыл аралыгында өлкөнүн жетишкендиктерин санап келип, кемчиликтер да болгонун мойнуна алган.

"Алардын ичинен эки кемчилик мени дайыма өкүндүрөт. Биринчиси – Аксы окуясы. Бул трагедияга менин өлкөнү башкаруу мезгилимде жол берилгени жүрөгүмдү жаралап келет. Экинчиси – президенттик кызматты 2005-жылы кийинки президентке конституциялык жол менен өткөрүп бере албай калганым. Бул кемчиликтер үчүн кыргыз элимен кечирим сурап келгем жана дагы да суранам. Ошону менен катар, соңку он алты жылдан бери менин айыгышкан оппоненттерим мага жаап келе жаткан курулай жалаа, ушактарын чечкиндүү түрдө четке кагам. Алар – «Акаевдин Үзөңгү-Куушту кытайларга сатып жибергени, Кумтөрдөн алтын, акча жеп, акцияга ээ болушу, үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга кийлигиштиргени» сыяктуу жасалма ойлоп табылган айыптоолор", - деп жазган кайрылуусунда.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-жылдан 2005-жылга чейин башкарган. 2005-жылы 24-мартта бийликтен кулатылган. Үй-бүлөсү менен Кыргызстандан кетип, Орусияда жашап жүргөн. 2-августта ал Бишкекке келди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Кумтөр" долбоору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Москвадан алып келингенин билдирсе, Акаев бийлик менен сүйлөшүп алып өз эрки менен келгенин айтууда.

Акаевге кылмышка шектүү экени тууралуу билдирме 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу тапшырылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Европада газдын баасы жаңы рекорддук чекке жеттиАйгүл тоодогу арзууКоронавируска каршы эмделген жарандардын саны 600 миңге чукулдады COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыктыОоганстанда бейкүнөө кыйылган өмүрлөрУКМК журналист Сартбаевдин сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштадыУКМК: Бизде саясий туткундар жок, кылмышка айыпталгандар барТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты"