Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун кезектеги жыйыны Дүйшөмбү шаарында өттү. Жолугушуу 4-августтан 9-августка чейин чейин тараптардын макулдашуусуна ылайык өткөн. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдагандай, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.
Буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Таджикистандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (JsA)
Дагы караңыз
УКМК: "Айчүрөк" дүкөнүндө барымтага алуу жөнүндө маалымат жалган Раев: Мамлекет үчүн көз караштардын конфликти өтө кооптууКыргызстан АКШдан бир катар тармактар үчүн жардам сурадыСауд Арабия коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөй баштадыЖапония атом бомбасынын курмандыктарын эскерүүдөТөртүнчү ирет ишке ашпаган мэр шайлоо Акаев Кумтөр боюнча сурак берип, Орусияга кайтты Кара-Суу районунда социалдык шаарча курулуп баштадыEconomist.kg: Мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдөТалкуу жараткан "Манастын уулу Семетей" тасмасы