Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кара-Суу районунда социалдык шаарча курулуп баштады


Пайдубалга капсула салынды
Пайдубалга капсула салынды

7-августта Кара-Суу районунун Эшме айылында Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Социалдык шаарчада көп балалуу жалгыз бой 152 эне жашайт. Анда 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, наабайкана жана мечит салынат. Курулуштун баасы 197 млн. 705 миң сомду түзүүдө. Аталган шаарча 2022-жылдын май айында пайдаланууга берилет", - деди Муратбек уулу.

Өткөн жылы да Өзгөн районунун Куршаб айылында 100 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарча курулган. Ага жакын жайгашкан Жалпак-Таш, Кароол, Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы жалгыз бой аялдар жайгаштырылаары айтылган эле (MrA)

XS
SM
MD
LG