Шаардык сот Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты

Асылбек Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бүгүн 11-августта анын бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто каралып, Биринчи Май райондук сотунун 30-сентябрга чейин абакта калтыруу тууралуу чечими күчүндө калтырылды.

Улуттук коопсуздук бонча мамлекеттик комитет (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган жана аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген.

Бүгүн шаардык соттун алдында Жээнбековдун тарапкерлери акция уюштуруп, бошотууну талап кылышты жана күнөөсү жок экенин айтып жатышты.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Зулпукаровдун бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто азырынча карала элек. (RK)

Дагы караңыз

Кыйноолорго каршы улуттук борбор дарыгердин үстүнөн даттандыВладимир Жириновский Ысык-Көл форумун жандандырууну каалайтОюн-зоок борборунда кызды чапкан адамга Орусияга кирүүгө тыюу салындыЖАМК аялдар абагында катталган коронавирус боюнча маалымат берди