"Шамбала" тасмасы Москвадагы фестивалда сыйлыкка татыды

"Шамбала" тасмасынын постери

Москва шаарында өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу кинофестивалда режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала” тасмасы эки сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 27-августтан 3-сентябрга чейин өткөн фестивалда тасма “Толук метраждуу кинодо мыкты операторлук иши үчүн” аттуу номинацияны жеңип, операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев (каза болгондон кийин) кинофестивалдын дипломдору менен сыйланды. Мындан сырткары, Сүйүндүков фестивалдын президентинин сыйлыгына ээ болду.

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон.

"Ак кеме" чыгармасынын негизинде биринчи тасманы 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев тарткан.

"Шамбаланын" операторлору буга чейин Испанияда өткөн Imagine India Film Festival эл аралык кинофестивалында мыкты камералык чыгарма үчүн сыйлыкты жеңип алышкан. Мындан сырткары "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын алып, "Ника" сыйлыгына татыктуу болгон.

Ошондой эле, башкы каарман Шамбаланын ролунда ойногон Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланган. Эң мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылган.(КЕ)

Дагы караңыз

"Талибан" Панжшерди ээлегенин билдирди, Масуддун күчтөрү четке кактыАзиз Аалиев Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болдуАйзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу сот отуруму улануудаӨмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келдиПанжшерде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат