УКМК: курал жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тапкан курал-жарактар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынан курал-жарак жана ок-дары катылган жерди тапты. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жашырылган жерден бир даана Ф-1 жарылуучу зат, 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана ПМ маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу топторго таандык болушу мүмкүн.

Ушу тапта курал-жарак катылган жерди уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ талибдер түзгөн өкмөткө тынчсыздануусун билдирдиОштогу тергөө абагындагы укук бузуулар аныкталдыБШК үгүт иштери боюнча ЖМК жана талапкерлерге кайрылдыИсхак Пирматовго өкүм чыгып, 300 миң сом айып салындыТаласта жол кырсыгынан эки адам мүрт кетти