Путин айланасында ондогон киши коронавируска чалдыкканын айтты

Путин ЖККУнун жыйынына онлайн катышууда. 16-сентябрь, 2021-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин анын айланасында ондогон киши коронавирусту жуктуруп алганын билдирди. Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинде видео байланыш аркылуу сүйлөгөн президент эпидемиядан улам Дүйшөмбүгө бара албай калганын, бир нече күн обочодо болорун айтты. Ким ооруп калганы, алар эмделип же эмделбегени белгисиз.

Путин карантинде болорун дүйшөмбү күнү билдирген. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент өзү оорубаганын, аралыктан иштей турганын кошумчалаган.

16-сентябрда Дүйшөмбүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин саммити өтүп жатат. 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылары жыйын курат. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелери талкууланып, 40тан ашуун документке кол коюлат.

Дагы караңыз

Өкмөт кышка даярдыкты талкууладыТарых музейин ноябрда ачуу пландалуудаАКШ, Британия жана Австралия коопсуздук тармагында жаңы альянс түзүштүТажикстан: алюминийдин кирешеси кимге таандык?Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдү