Кылмышка шектелген он чакты адам Орусиядан кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө кылмыш жасап, чет жактарда жашырынып жүргөн он чакты кыргызстандык жаранды кармады. Алар Кыргызстанда кылган кылмыштары үчүн издөөгө алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын ичинде алдамчылыкка, чек араны мыйзамсыз өтүүгө, зордуктоого шек саналгандар, 1998-жылы абактан качып кеткен адам жана алимент төлөбөй качып жүргөндөр бар.

Алардын айрымдары Москва шаарында кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алдамчылыкка шек саналып, издөөгө алынган бир жаран Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кармалды.

Учурда кармалгандарды Минск келишимине ылайык, Кыргызстанга экстрадициялоо жана андан ары жоопко тартуу маселелери чечилүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Камакка алынган Алмаз Сарыбаев жеке ооруканага которулду Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөтАзимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтейтКуралдуу жаңжалдан кийин Баткенге чогулган каражаттын жарымы иштетилдиШыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду