Асел Шерниязова "Алтын глобус" ассоциациясынын Борбор Азиядагы алгачкы өкүлү болду

Асел Шерниязова.

Голливуддагы чет элдик басылмалар ассоциациясынын "Алтын глобус" уюмуна Борбор Азиядан алгачкы жолу кыргызстандык Асел Шерниязова өкүл болуп калды.

HFPA сайтындагы маалыматка караганда Асел Шерниязова ассоциацияга жаңы кошулган 21 мүчөнүн, ошол эле учурда уюмдагы 48% түзгөн аялдардын, 24% түзгөн азиялыктардын бири.

HFPA ассоциациясынын 87 мүчөсүнүн ичинде европалыктардан башка раса өкүлү жоктугунан улам чыккан чатактан кийин уюм реформа жүргүзүп, жаңы 24 мүчө тандаган.

Жакында уюмда жаңы башкы директор, аткаруучу директор жана башка жетекчилер дайындалары күтүлүүдө.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Асел Шерниязова 2015-жылдан бери Лос-Анжелестеги Asian World Film Festival уюмун жетектейт жана "Акипресс" агенттиги менен кызматташат.

Дагы караңыз

Асыл жарды азгырган чыккынчы досАлексей Навальныйга "Эркиндик рыцары" сыйлыгы берилдиГрузияда шаар башчыларын жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат"Газпром" Венгрияга Украина аркылуу газ берүүнү токтоттуБанктан жоголгон 47 млн. сомдун сотко жеткирген чырыКумтөр: Сүйлөшүүнүн биринчи раунду жыйынтыкталды Спортчу Нурбек Тойчубаев алтын медаль тагындыСултанбаев: Кыргызстан Кумтөр сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына канааттандыКоронавирус АКШда 700 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды