БУУнун баш катчысы менен Тажикстандын тышкы иштер министри Ооганстандагы абалды талкуулады

Сирожиддин Мухриддин жана Антониу Гутерриш.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында болуп, тараптар Ооганстандагы кырдаалды талкуулады. Ооган элине чукул гуманитардык жардам берүү жана бул өлкөдө гуманитардык капсалаңга жол бербөө тууралуу сөз болду.

Тажикстандын тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, саясий, социалдык-экономикалык, гуманитардык, экологиялык жана коопсуздук маселелеринде мамилени бекемдөө тууралуу сөз болду.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы 1400 чакырым. Ооганстанда бийликке "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын келиши менен өлкөнүн түндүгүндө жашаган жүздөгөн адамдар Тажикстанга качып өткөн. Тажик бийлиги эл аралык коомчулукка кайрылып, ооган качкындарына жардам берүүгө чакырган.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөндөр саны 76га жеттиПрезидент Кумтөр алтын кени боюнча пикирин жаздыЭлектр энергиясы 2 сомдун тегерегинде импорттолуп жататГрузия: БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады"Борбор Азияда интернетке көзөмөл күчөтүлүүдө"Бадахшанда жанкечтилердин атайын батальону түзүлдүЖапаров: Акысыз вакцинаны албай кайдыгерлик кылып жаткандар барЭкзитпол: "Грузин кыялы" алдыда