Акыйкатчы институту Ала-Букадагы райондук ооруканада бейтаптардан акча чогултуу фактылары болгонун жарыялады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.
7-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Акыйкатчы институту аймактарда жүргүзүп жаткан "Укук кербени" долбоорунун алкагында атайын адистер жергиликтүү эл менен жолуккан. Жолугушууга катышкандар райондук ооруканада мыйзамсыз акча чогултуу болуп жатканына даттанышкан.
Ооруканага кайрылган жарандардан дарыга рецепт жазуу, маалымкат берүү жана бейтаптарды кароодон өткөрүү үчүн 20 сомдон 200 сомго чейин акча талап кылары айтылган.
Медициналык мекеменин кызматкерлери мындай акча чогултуу каржылоо жетишээрлик деңгээлде болбой жатканын, чогулган акча кокус зарыл болгон майда оңдоп-түзөө иштерине жана башка чыгымдарга жумшаларын айтышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Замира Орунбаева "Азаттыкка" бейтаптардан акча чогултуу учурлары боюнча эч кандай маалымат түшпөгөнүн, билдирүүлөр боюнча териштирүү жүрөрүн, мыйзамсыз аракеттер аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди. (JsA)
Дагы караңыз
Октябрь окуясындагы башаламандык боюнча сот 18-октябрга жылды Шереметьеводон бир кыргызстандык өткөрүлгөн жокЧек ара жаңжалында жабыркагандар бир катар салыктардан бошотулдуШайлоо: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 145 адамга жеттиCOVID-19: Бишкекте №67 гимназия мектеби карантинге жабылды