Ирина Карамушкина Орхан Инандынын укугу тууралуу маселени козгоду

Орхан Инандынын тарапташтарынын Бишкектеги митинги.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 18-октябрда Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында Орхан Инандынын атуулдугуна байланышкан маселени көтөрдү. Ал Тышкы иштер министрлигинен Инандынын укугуна байланыштуу абалды талдоону талап кылды.

"Инанды Кыргызстандын атуулдугун алганына 10 жыл болгон. Азыр биз Түркия менен кызматташтыктын күн тартибин карасак, жалаң эле концерт, көргөзмөлөрдөн башка эч нерсе жок. Эмнеге Инандынын жарандыгы, укугуна байланыштуу маселени Тышкы иштер министрлиги көтөрбөй жатат? Мындай жол менен эки өлкөнүн өз ара мамилесине упай топтоону көздөп жатсаңар, бул туура эмес жана мыйзамсыз", - деди эл өкүлү.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев депутаттын бул суроосуна кат түрүндө жооп беришерин айтты.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды быйыл 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колу Бишкектен уурдоо учурунда сынган, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козголгон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. (BCh)

Дагы караңыз

Орусияда мектепте ок аткан 12 жаштагы өспүрүм кармалдыАлайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиАнталияда Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделдиАкылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирдиТаласта айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты