Президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Президент Садыр Жапаров. 23-октябрь, 2021-жыл.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” жарлыкка кол койгону 26-октярбда президенттин сайтында жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, борбор президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылып, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүүгө багытталган.

Президенттик башкарууга толугу менен өткөн Кыргызстанда буга чейин дагы башкаруу органдарынын түзүмдөрүнө бир катар өзгөртүүлөр киргизилген эле. Мурдагы президент жана өкмөт аппаратынын ордуна президенттик администрация түзүлгөн. Бул органдын курамындагы мурдагы тармактык бөлүмдөрдүн саны азайып, анын ордуна төрт иш башкармалык түзүлгөнү жана алардын жетекчилери дайындалганы өткөн аптада жарыяланган. (JsA)

Дагы караңыз

Тамакка уулангандар 179га жетти, баарынын абалы туруктууЭл аралык арбитражда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо планы бекитилдиОшто Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясы талкууланууда