Баткен шаарында кечкисин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт. Баткенде адам өмүрүн алган кылмыштын иликтөө учуру. 22-октябрь, 2021-жыл

Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эрте мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды.

“Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындай токтомду кабыл алууга Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу себеп болгон. Шаардык кеңеш акыркы убакта шаар аймагында майда кылмыштуулуктун саны өсүп, түнү көчө жарыктарынын өчүрүлүүсү да кошумча болуп жаткандан улам бул токтомду кабыл алганын билдирди. (JsA)

Дагы караңыз

УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалдыОштун мэри башкармалыктардын жетекчилерин ротация кылууну сунуштадыКыргызстанда жумушсуздардын саны өстүЖалал-Абад ОИИБ: Ташиев ачкычын тапшырган үйдү жеке ишкер курганЖаштар арасында адам сатуунун алдын алуу талкууланат