Кыргызстанда орточо айлык акы 19 миң сом деп эсептелди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин эсептөөсүнө ылайык, республикада орточо эмгек акы (чакан ишканаларды кошпогондо) 19 миң 586 сом (231,6 АКШ доллары) болду. Бул тууралуу мекемени басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу орточо маяна 9% өстү деп эсептеген. Орточо айлык акы Ош облусунда 10,9%, Ош шаарында 13,5% жана Бишкек шаарында 9,9% көтөрүлгөн.

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн. Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. (TSh)

Дагы караңыз

Ооганстан-Пакистан чек арасындагы өткөөл ачылды"Азаттыктын" мөңгүлөрдүн эришин чагылдырган тасмасы Глазгодо көрсөтүлөтГлазгодо токойлорду сактап калуу декларациясына кол коюлатCOVID-19: Орусияда бир суткада көз жумгандар кайрадан жогорку чекке жеттиШайлоо-2021: Алты талапкер ат салышуудан баш тартты