Жалал-Абадда жер силкинди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 12-ноябрда таңкы саат 07:38де Жалал-Абад облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Төш, Арал, Жар-Кыштак айылдарында 3,5 балл, Базар-Коргон жана Жалал-Абад шаарларында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар бөюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Аталган институт бул аймакта эки күн мурда, 10-ноябрда дагы 4 баллдык жер силкингенин кабарлаган.

Дагы караңыз

Меркел мигранттар маселесин Минскинин "гибриддик чабуулу" деп атадыTurkish Airlines Беларуска каттаган учактарына Ирак, Сирия жана Йемендин жарандарын салбай турганы кабарландыЛукашенко Европага газ транзитин жабарын эскерттиЖалал-Абадда барар жери жоктор үчүн атайын түнөк жайы иштеп жататБУУ кыйноо фактыларынын көбөйүшүнө кыргыз бийлигин айыптады