Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Жалал-Абадда барар жери жоктор үчүн атайын түнөк жайы иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында барар жери жок адамдар үчүн атайын түнөк үйү 1-ноябрдан баштап иштей баштады. Мында эки бөлмөдө 15 орун даярдалып, аялдар менен эркектер өз-өзүнчө жаткырылат. Түнөк үйгө кайрылган жарандарга бир маал ысык тамак да берилет.

Түнөк үй бир топ жылдан бери Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борбору тарабынан уюштурулуп келет. Аталган имарат Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин карамагындагы стадиондо жайгашкан. Анын үч бөлмөсүн кайрымдуулук борбору барар жери жок адамдар үчүн жатакана катары пайдаланып келет.

Расмий маалыматтар боюнча Жалал-Абадда орто эсеп менен 50гө чамалуу барар жери жок адамдар катталган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG