Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

Меркел мигранттар маселесин Минскинин "гибриддик чабуулу" деп атады


Беларус-Польша чек арасындагы мигранттардын лагери.
Беларус-Польша чек арасындагы мигранттардын лагери.

Немис канцлери беларус-поляк чек арасындагы жүздөгөн адамдардын Польшага өтүү аракетин коргоосуз мигранттарды пайдалануу менен жасалып жаткан "гибриддик чабуул" деп атады.

Ал бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен апта ичиндеги экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтты. Меркел миграция кризисине Лукашенкону күнөөлөп, суукта чек арада турган адамдар үчүн беларус режимин айыптады.

Бул тууралуу канцлердин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт билдирди.

Ал эми Кремл тараткан маалыматта Орусиянын президенти беларус-поляк чек арасындагы кырдаалды Евробиримдик Минскидеги бийлик менен талкуулоого тийиш экенин айтканы кабарланды.

Акыркы айларда Жакынкы Чыгыштан, Африкадан жана Түштүк Азиядан келген жүздөгөн мигранттар беларус-поляк чек арасынан Польшага өтүүгө аракет кылууда. Алар бир нече жолу зым тосмону бузуп кирүүгө аракет кылышты. Поляк бийлиги чек арасында аскерлерин жана полицияны күчтөндүргөн.

Расмий Варшава миграция кризисинин артында беларус лидери Александр Лукашенко турат, ал эми аны орус президенти Владимир Путин көкүтүп жатат деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG