Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Лукашенко Европага газ транзитин жабарын эскертти


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларус-поляк чек арасындагы миграция кризиси үчүн Варшава Беларусту террорчулукка айыптоодо. Евробиримдик Минскини бул кырдаалды жаратканы үчүн жазалап, санкциялар күчөтүлөрүн кабарлады.

Беларус лидери Александр Лукашенко жаңы санкцияларга жооп кылып, Европага газ берүүнү токтоторун айтты. Бул чарага даяр экенин Лукашенко бейшембиде өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда да билдирди:

"Биз Беларус транзитин жаап койсокчу? Украина аркылуу өтө алышпайт, ал жакта Орусиянын тосмосу турат. Прибалтика аркылуу жол жок. Биз поляктар менен немистерге жаап койсок, анда эмне болот? Биз өзүбүздүн эгемендигибизди коргоо үчүн бардык кадамга барабыз. Европаны жылытып атсак, алар бизге чек араны жабат имиш. Эгер биз газды жаап койсокчу?", - деди Лукашенко.

Беларус аймагынан орусиялык Ямал-Европа газ түтүгү өтөт. Темир жолду "Бир кур - бир жол" долбоорунун алкагында Кытай жүк ташуу үчүн колдонот. Автоунаа жолдор аркылуу Европадан Орусияга жүк ташылат.

Беларус-поляк чек арасында суукта турган мигранттар бейшембиде Польшага кирүүгө дагы аракет кылды. Расмий Варшава мунун аягы аскердик тирешүүгө айланып кетиши ыктымалдыгын эскертти.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Минскиге каршы санкциялар күчөтүлөрүн билдирген. Декабрдын башында буга АКШ да кошулары кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG