Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт

Өзбекстан менен Казакстандын аскерлери.

17-24-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Термез полигонунун аймагында казак жана өзбек аскерлеринин катышуусунда машыгуу өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.

Аскердик машыгуунун максаты - биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү.

Казак тараптан машыгууга 100дөн ашуун аскер кызматкери катышат. С-295 аскердик-транспорттук учактары, учкучсуз учуучу аппараттар колдонулат.

Буга чейин Казакстандын Жамбыл облусундагы “Матибулак” полигонунда өзбек аскерлеринин катышуусу менен “Щит-2021” машыгуусу өткөн.

Дагы караңыз

Балдар арасында сасык тумоо менен пневмония көбөйдүДастан Бекешев УКМКда сурак берип чыктыОрусия: зордуктоого шектелген полициянын мурдагы кызматкерлери акталдыПрезидент Жапаров: өкмөт көмүрдү 3000 сомдон сата баштайтТбилисиде Саакашвилини колдоо акциясы өтүп жататӨкмөттө Бишкектеги ыш маселеси талкууланды