Статком: Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 4,6 эсеге төмөндөдү

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын октябрь айында (COVID-19) коронавирус катталган учурлардын саны кыскарды. Улуттук статистика комитети тараткан маалыматка караганда, 2020-жылдын октябрында 13 миң учур катталса, бул сан ушул жылдын октябрь айында 2,9 миңге чейин түшкөн.

Ушул жылдын октябрь айында коронавирустук инфекциянын катталган учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашыгы), Чүй (26 пайыз) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келди.

Ушул жылдын октябрь айында калктын 100 миңин алганда оорулардын саны өткөн жылдын октябрь айына салыштырганда 4,6 эсеге төмөндөдү.

Статкомдун сайтында 2020-жылы коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 100 миң кишиге 202 учур туура келген болсо, 2021-жылы 44 учур деп көрсөтүлгөн.


Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болуп, 43 адам ооруну жуктуруп алган.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: 730 эл аралык байкоочу каттоодон өттүЮНЕСКО Кыргызстандын демилгеси менен мөңгү резолюциясын кабыл алдыИнанды сотто катуу басым алдында көрсөтмө бергенин айттыКоронавирустан дагы үч киши каза болдуNetflix кыргыздардын улуттук аңчылык өнөрү тууралуу даректүү тасма тартты"Азаттык" радиосунун атынан Адахан Мадумаровго байланыштуу жалган маалымат таратылууда