"Мээрман" фильми Стамбулдагы фестивалда "Эң мыкты даректүү тасма" деп табылды

Айкөл Нурланбек уулу фестивалда сыйлык алгандан кийин сүйлөп жаткан кези.

Кыргызстандык режиссер Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" фильми Стамбулда өткөн "Аалымдарга рахмат" эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты даректүү тасма" деп табылды.

Жетинчи жолу уюштурулган фестивалдын жеңүүчүлөрү 27-ноябрда аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Фестивалга 65тен ашуун өлкөдөн режиссерлор катышышты.

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун аталган даректүү тасмасы сентябрда “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болгон.

Айкөлдүн бул фильминде Кыргызстандын алыскы аймагында жашап, адамдарды дарылаган аял жөнүндө баяндалат.

Дагы караңыз

Партиялык тизмеде аял талапкерлердин саны 36% түзөтШайлоо: бир мандаттуу округдардан 282, партиялык тизмеде 1004 талапкер ат салышуудаКоронавирустун Африкада табылган жаңы штаммы дүйнөгө коркунуч туудуруп жататТоолуу Бадахшанда үч күндөн бери нааразылык уланууда