Сумаянын өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды

Сумаянын сөөгү 27-ноябрда Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Аны издөө учурунда таратылган сүрөт.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тогуз жашар Сумая Хосилжанованын өлүмүнө байланыштуу Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө-иликтөө уланып жатат.

Сузакта 18-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кыздын сөөгү 27-ноябрда Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрда түш чендерде мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү сабакка барган эмес.

Айрымдар Сумаянын маршруттук автоунаага түшүп кеткенин көрүшкөн. Аны милиция кызматкерлеринен сырткары 100дөй ыктыярчы издеген.

Дагы караңыз

Кеминде жогорку чыңалуудагы устун кулап, жарык үзгүлтүккө учурады Шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу төмөн болууда Саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16% ашыгы добуш бердиЖаңы парламент кандай болот? Эксперттердин пикириТокмок: №7064 шайлоо тилкесиндеги бир үкөк алмаштырылды Шайлоо-2021: Жаңы эрежелер элге түшүнүктүүбү?