Мырзакматов дүйнө таң калгандай ыплас шайлоо өткөнүн айтты

Мелис Мырзакматов.

"Улуттар биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдирип, "дүйнө таң калгандай ыплас шайлоо өттү" деди. Мындай пикирин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп бергенде айтты.

"Бийлик дүйнө таң кала турган таза шайлоо өткөрөбүз деп убада беришкен. Азыр дүйнө таң кала турган ыплас шайлоо өттү",- деген Мырзакматов Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК), анын төрайымын алмаштыруу керектигин билдирди.

28-ноябрда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо өттү. Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин алгачкы жыйынтыктар чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан.

Дагы караңыз Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны жана пайыздык көрсөткүчтөр кыскарды. Бул жагдай "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар тарабынан "көз боёмочулук" катары сыпатталууда.

Президент Садыр Жапаров добуш берүү аяктаганда кайрылуу жасап, шайлоо таза өткөнүн белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов шайлоо жыйынтыгын аныктоодогу мүчүлүштүккө БШК мүчөлөрү жана төрайымы түшүндүрмө бериши керектегин билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова электрондук системадагы маалыматтардын алмашышын "техникалык мүчүлүштүк" деп атады.

Дагы караңыз Мелис Мырзакматов: Бийлик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек

Дагы караңыз

Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керекЖогорку Кеңешке кайсы партиялар жана талапкерлер өтөт?Бир мандаттуу округдардан аял талапкерлер жеңишке жете албадыШайлоонун баштапкы жыйынтыгы расмий жарыяландыТекебаев шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөрүүлөр болгонун билдирдиСулайманов шайлоо салыштырмалуу жакшы өткөнүн билдирди Садыр Жапаров шайлоо таза өткөнүн билдирди