Жалал-Абад: Милиция уурдалган студент кызды ата-энесине өткөрүп берди

Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында ала качууга кабылган кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 8-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, үч-төрт бала кызды машинага күч колдонуп салып кеткени жөнүндө билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, териштирүү башталган.

Натыйжада кыз Базар-Коргон районунун 17 жаштагы тургуну экени жана ал Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде билим алып жатканы, аны өзүнөн 10 жаш улуу айылдашы уурдаганы белгилүү болгон.

Азыр бул кылмышка тиешеси бар башка адамдардын да жоопкерчилиги каралууда.

Кызды уурдап жатышкан видео интернетке тарап, талкууланууда.

Укук тартибин коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.

Ала качуудан куткарылгандан кийин милициянын имаратында бычакталган Бурулайдын, көчөдө бараткан жеринен уурдалып, талаада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзаданын окуясы кыргыз коомчулугунда ала качууну салт эмес, кадимки уурулук кылмыш катары кабылдоо тууралуу талкуу жараткан. (TB/RK)

Дагы караңыз

Парижде Хашогжинин өлүмү боюнча кармалган адам бошотулду Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталды Элчилик Орусияда каза болгон кыз боюнча жалган маалымат таратпоого чакырдыБекешев: Депутаттарга эми президенттин маанайын карап иштөөгө туура келет