COVID-19: Жаңы 44 учур катталды

COVID-19 вирусун аныктоочу лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 25-декабрга карата 44 адам вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде:

  • Бишкек - 15
  • Чүй облусу – 18
  • Ош облусу – 3
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 5
  • Жалал-Абад облусу – 2

Ош шаарында, Баткен жана Нарын облустарында ооруга чалдыккандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 184 439 адамга жетти. Жалпы 179 545 адам оорудан сакайды. Акыркы суткада илдеттен эки адам көз жумду. Коронавирустан улам жалпы 2792 адам каза тапты.

Азыркы тапта ооруканада 283 адам, 334 бейтап үйдө дарыланып жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Исфана шаарына Исхак Раззаковдун аты берилетБыйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болдуТабалдыев: Биз “киргиз” деп жазсак, Худяков“кыргыз” деп жазчуСумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт Бир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?Жапаров: Коронавирустун үчүнчү толкунун эл сезбей калдыУКМК кримавторитет "Женго" камакта калганын билдирдиЖаңы жылдык эс алуу тогуз күн болот