Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Исфана шаарына Исхак Раззаковдун аты берилет


Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт. Лейлек району, Баткен. Декабрь, 2020-жыл.
Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт. Лейлек району, Баткен. Декабрь, 2020-жыл.

Баткен облусундагы Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы берилет. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда сүйлөп жатып билдирди. Анын айтуусунда, демилге Раззаковдун 110 жылдыгына карата ишке ашырылат.

"Мен президенттик шайлоодо 1-үгүт иштерин Баткенден, Исхак Раззаковдун мекенинен баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алдым".

Исфана шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Садыр Жапаров сөзүндө быйыл чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен үч айда калыбына келтирилгенин айтып, облуска өзгөчө макам берилгенин белгилеп өттү.

Мамлекет башчы өз сөзүндө мамлекеттик жетекчилерди өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кызмат кылууга чакырды. Аймактагы жана башка мекемелердин башчыларын өлкөнү кыдырып, элдин чыныгы жашоосун көрүүгө чакырды.

Ушул тапта Министрлер кабинетинин 2021-жылкы аткарылган иштер, алдыдагы максаттарга арналган отуруму өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров төрагалык кылууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG