Казак боордошторго боор тарткандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ыктыярчылар менен Бишкектин мэриясы “Манас” эл аралык аэропортуна транзиттик каттамдар менен түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаа даярдап, "Ак-Жол" чек ара бекетине бекер жеткирип жатышат. Түн бир оокумда келип конгон коңшу өлкөнүн жарандары Бишкекте мейманканага жайгаштырылып, ысык тамак-аш менен камсыздалууда.