Аба ырайы: Айрым райондордо кар жаайт

Нарын облусу, Кочкор району. Ара-Көл.

"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына караганда, 11-январда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус төмөндөйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жок. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3, күндүз +4…+6° жылуу болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Элчи: Алматыдагы окуяларда кыргыз жараны каза болдуАлматы: кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулдуКазакбаев: Ар бир жараныбыздын укугу корголотКазакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды