Алматыдагы өлүккананын алдында ондогон адам топтолуп турат

Алматыдагы өлүккананын алдында топтолгондор. 10-январь, 2022-жыл.

Алматынын Казыбек көчөсүндө жайгашкан өлүккананын алдында 10-январда ондогон адам чогулду.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти билдиргендей, топтолгондордун арасында башаламандыктар маалында дайынсыз жоголгон туугандарын издегендер жана жакындарынын тек-жайын билүү үчүн келгендер да бар.

Буга чейин атайын кызматтын өкүлдөрү агасын издеп жүргөн активист Дархан Уалиевди кармап кеткен бойдон кое бере элек.

Азырынча башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болгонун билдирген. 9-январда Саламаттык сактоо министрлиги 164 адам көз жумганын маалымдап, кийин бул санды «техникалык ката» деген шылтоо менен жокко чыгарган.

10-январь Казакстанда Аза күтүү күнүү деп жарыяланган.

Дагы караңыз

Өзбекстанда "омикрон" штаммы табылдыАкыйкатчы институту: Чымкентте сурактан чыккан Баялы Төрөгелдиевдин абалы оор Женевада АКШ менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды Бир суткада коронавирус 198 кишиге жугуп, бир адам каза болду