Алматыда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков табылды

Чолпонбек Сыдыковдун эки буту сынган.

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу 19-январда “Азаттыкка” Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

“Эки буту, кабыргасы сыныптыр. Эртең Кыргызстанга жөнөтөбүз. Ал Бишкекке кетип баратканда (ред: 8-январда) Алматынын чыга беришинде атайын операцияга туш келип кармалып калган. Кийин суракка алынган. Ошондон бери дайынсыз болуп жаткан”.

Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары чыкты. Каза болгондор экөө.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды. (BTo)

Дагы караңыз

ДССУ: COVID-19 пандемиясы аяктады деп айтканга али эртеТерек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилетПрезидент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койдуЖогорку Кеңеште ПЧР-тесттин баасы тууралуу маселе көтөрүлдү ЖК: "Ата-Журт Кыргызстандын" лидери өкмөттүн кадр тандоосун сындады