Баткенде пенсияны көбөйтүп, айлыкты көтөрүү сунушу берилди

Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевди жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды.

Баткенде чек арага жакын 62 калктуу конуштардын тизмеси бекитилип, аларды киреше салыгынан 10 пайыздан 5% чейин төмөндөтүү, пайда жана сатуудан алынуучу салыктан толук бошотуу сунушу берилди. Бул иштер “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде аткарылып жатат.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевди жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алган учурда айтылды.

“Ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабараториялык изилдөөлөр, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды. Бардыгы болуп жети мамлекеттик кызматтарга жеңилдиктер берилет. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25 миллион сом каралат”, - деди Арзыбек Кожошев.

Мындан тышкары Баткенге 1 миллион доллар (Башка аймактарда 3 миллион доллардан кем эмес), тоо-кен тармагына 10 миллион доллар инвестиция салгандарга (Калган аймактарда 20 миллион доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдик берилет. Инвесторлорго зыян келтирилсе, мамлекет зыяндын ордун толтуруп берет.

Дагы караңыз

ДССУ вакцина албагандарга саякаттоого уруксат берүүнү сунуштадыСаясатчы Бактыбек Калмаматов үй камагына чыктыТажикстанда Хорогдогу башаламандык боюнча кайра тергөө башталдыКазакстанда активисттер “Январь окуялары” боюнча комиссия түзүүнү талап кылдыКесиптик кошуундар федерациясынын мүчөсү Венера Маймендеева кармалды

Баткенде чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочуларынын пенсияларын 2000 сомго, жөлөкпулдарды эки эсеге жогорулатуу сунушу берилди. Ошондой эле бул айылдагы кожолуктарга электр энергияны 50% жеңилдик менен берүү, дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү сунушталды.

Садыр Жапаров айтылган сунуштарды колдоп, аларды 1-марттан баштап ишке ашыруу тапшырмасын берди. Президент “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга 2021-жылдын 10-сентябрында кол койгон.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган. (BTo)